Абылгазиев: Учурда Кыргызстанда 1 млндон ашык жаран жумушсуз үйүндө отурат

Абылгазиев: Учурда Кыргызстанда 1 млндон ашык жаран жумушсуз үйүндө отурат

Учурда Кыргызстанда 1 миллиондон ашык жаран жумушсуз үйүндө отурат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, парламент бизнеске салыктарды жана насыяларды кийинкиге калтыруу боюнча кризиске каршы планынын биринчи баскычын колдоду.

Экинчи этапта арзан жана узак мөөнөттүү каражат булактарын камсыз кылат.

«Мен бул аз деп ойлойм. 1 млндон ашык жаран жумушсуз отурат. Эми бизнестин кээ бирөөсү жабылып, кээ бирөөсү ачылат. Мунун баарын анализдеп жатабыз. Апрель айында экономика токтоду. Ошон үчүн толук анализди биз май айында беребиз. Ошон үчүн дагы күтө тургула», — деп билдирди өкмөт башчы.

Ал эми вице-премьер-министр Эркин Асрандиев массалык-маалымат каражаттарына 14 млрд сомго жакын каражат табылганын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>