Абылгазиев Ысык-Көл облусунун жетекчисине эскертүү берди

Абылгазиев Ысык-Көл облусунун жетекчисине эскертүү берди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевге чечимди макулдашпастан кабыл алганы үчүн эскертүү берди. Бул туруалуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

4-майдан баштап Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын чечими менен облуска кирүүгө тыюу салынган. Жарандар облус аймагына кирген учурда ПЦР тесттен өткөндүгү жөнүндө маалым кат талап кылышкан.

Тийиштүү алгоритмде каралган учурларды эске албаганда, жарандардан облуска, шаарга, районго жана башка калктуу конуштарга киргенде COVID-19 жок экендиги тууралуу маалымдама талап кылуу туура эместиги айтылат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>