Оливер Стоундун “Атом” даректүү тасмасы И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргызстандын энергетикасынын келечеги тууралуу талкууну жаратты. Баасы 3,4 млн сомду түзөт. Баткенде аткезчилик менен келген дары-дармектер табылдыОоганстан кургатылган жемиштердин экспортун көбөйттү: 2025-жылы түшкөн киреше 667 млн долларга жеттиРоссия жана Кыргызстан соода жана инвестициялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча кадамдарды белгилешти25-мартта Кыргызстанда «Ооз көңдөйүнүн саламаттык күнү» акциясы өтөтЖогорку Кеңеште АКШ элчилигинин өкүлдөрү менен адам сатууга каршы күрөшүү чаралары талкууланды
Абжапарова: Мамлекеттик ипотеканы алууну каалагандарга 9 млрд сом керектелет
21.01.2021 | 17:32
Мамлекеттик ипотекалык компанияда жеңилдетилген негизде ипотека алуу үчүн дээрлик 6 миң жаран кезекте турат. Бул тууралуу брифингде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү Элмира Абжапарова билдирди.
Анын айтымында, келип түшкөн арыздардын жалпы суммасы 9 млрд сомду түзөт. Бюджетте мынча каражат жок болгондуктан, компания донорлордун жардамы аркылуу каражат издейт.
Андан сырткары, 2020-жылы Герман өнүктүрүү банкы аркылуу 10 млн евродон 337 млн сом тартылган. Каражат пандемиянын кесепетинен улам толук которулбай калган.
«Насыя аз кирешелүү үй-бүлөлөрдү каржылоого жумшалган. Насыялар жаңы турак жай курууга жана алууга багытталган», — деп белгиледи Абжапарова.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика