Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдүСадыр Жапаров жеке авто-мектептердин ишине коюлган тыюуну жыл аягына чейин узартты«Манас» аэропортунда 31-август жана 1-сентябрдагы каттамдарга айрым чектөөлөр киргизилетКыргызстандагы мектептерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жекече окутуу программалары киргизилетЧычкан, кир бөлмө, жашыруун төлөм: Ысык-Көлдө эс алуу жайын тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?Ысык-Көлдө театр сүрөтчүлөрүнүн эл аралык лабораториясы өтөт
Абжапарова: Мамлекеттик ипотеканы алууну каалагандарга 9 млрд сом керектелет
21.01.2021 | 17:32
Мамлекеттик ипотекалык компанияда жеңилдетилген негизде ипотека алуу үчүн дээрлик 6 миң жаран кезекте турат. Бул тууралуу брифингде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү Элмира Абжапарова билдирди.
Анын айтымында, келип түшкөн арыздардын жалпы суммасы 9 млрд сомду түзөт. Бюджетте мынча каражат жок болгондуктан, компания донорлордун жардамы аркылуу каражат издейт.
Андан сырткары, 2020-жылы Герман өнүктүрүү банкы аркылуу 10 млн евродон 337 млн сом тартылган. Каражат пандемиянын кесепетинен улам толук которулбай калган.
«Насыя аз кирешелүү үй-бүлөлөрдү каржылоого жумшалган. Насыялар жаңы турак жай курууга жана алууга багытталган», — деп белгиледи Абжапарова.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика