«Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча 19-майга карата жарандарга 2 млрд 258 млн 82 миң сом насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча 524 млн 878 миң сомго 1 миң 282 насыя берилген:
– «Айыл Банк» — 311 млн 433 миң сомго 738 насыя;
– «РСК Банк» — 213 млн 445 миң сомго 544 насыя.
Мал чарбачылык категориясы боюнча 1 млрд 733 млн 204 миң сомго 3 миң 729 насыя берилген.
– «Айыл Банк» — 726 млн 866 миң сомго 1 миң 528 насыя;
– «РСК Банк» — 1 млн 38 миң сомго 2 миң 266 насыя.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз