Кыргызстанда калкка сатылуучу көмүрдүн баасына 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилдиЫсык-Көлдө «Ак Илбирс» илимий-изилдөө реабилитациялык борбору ачылдыБишкекте Швейцариянын La Landwehr de Fribourg оркестринин концерти өттүТаш-Көмүр шаарында 1,5 млн долларга көмүрдү кайра иштетүүчү завод курулуудаКыргызстандын ИДПсы тогуз айда 10,8% өстү: экономиканын негизги көрсөткүчтөрү«Дордойдогу» өрт: 25 контейнер жабыркап, кылмыш иши козголду
Эртең Бишкекте ысык суу 1 айга өчүрүлөт
21.05.2023 | 15:09
Бишкекте эртең, 22-майда ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ысык суу 22-июнга чейин өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка буга чейин калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
«Ысык сууну өчүрүү жылда өткөрүлүүчү профилактикалык иштерге байланыштуу жана жылуулук түйүндөрүн жылуулук мезгилине карата даярдоо максатында болууда», — деп билдирет мэрия.
Мэрия шаар тургандарынан ыңгайсыздыктар үчүн кечирип сурап, ысык суунун өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом