Ачкыч ордуна отвёртка! Жалал-Абад шаарынан уурдалган автоунаа талаадан табылды — сүрөт

Ачкыч ордуна отвёртка! Жалал-Абад шаарынан уурдалган автоунаа талаадан табылды — сүрөт

Жалал-Абад шаарында уурдалган автоунаа Сузак районунан табылды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-декабрь күнү Жалал-Абад шаарынын Н. кызы Р. аттуу тургуну үйүнүн алдынан «Хонда — фит » үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган.

Ыкчам- издөө иштеринин натыйжасында аталган автоунаа бүгүн 13-декабрда Сузак районунун аймагы аркылуу өткөн Бишкек — Ош унаа жолунун 566-чакырымында, жолдун түштүк тарабындагы айдоо талаасынан табылган. Автоунаанын оң жак арткы эшигинин айнектери сынып, ачкыч ордуна отвёртка сайылып турган.

Алдын ала маалыматтарга караганда кылмышкерлер айнегин сындырып, андан соң автоунааны отвёртка аспабы аркылуу айдап кетишкен.

Учурда тийиштүү документтер чогултулуп Сузак райондук тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

[su_image_carousel source=»media: 51658,51659,51660,51661″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>