Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Алматы шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Касымалиев Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына, Digital Almaty 2025 эл аралык санариптик форумунун пленардык сессиясына катышат.
Ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.