Адылбек Касымалиев Минск шаарында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларуска болгон расмий сапарынын алкагында Минск шаарында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, гүл коюу аземинен кийин өкмөт башчы Минск шаарынын Октябрь районунун педагогикалык эмгек ардагерлер кеңешинин төрайымы Любовь Хвойницкая менен баарлашкан. Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери кыргызстандык жоокерлердин элесин сактоого олуттуу салым кошуп келет.
Жумаш Асаналиевдин эстелиги 2005-жылдын 1-июлунда Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин демилгеси менен орнотулган. Жумаш Асаналиев 1-Прибалтика фронтунун 6-гвардиялык армиясынын 67-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 199-гвардиялык аткычтар полкунун пулемётчусу болгон. Ал 1944-жылы 25-июнда Витебск облусунда баатырдык көрсөткөн. Минск шаарында анын ысымы көчөгө жана орто мектепке ыйгарылган.