Адылбек Касымалиев ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун президенти менен жолукту

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөгө биринчи жолу иш сапары менен келген ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун президенти доктор Абдулхамид Аль-Халифа менен жолукту.
Өкмөттун маалыматына ылайык, жолугушууда акыркы үч жылда Кыргызстандын экономикасы орточо 9% өсүп, 2025-жылдын сегиз айында ИДПнын өсүшү 11%ды түзгөнү белгиленди. Ошондой эле 2030-жылга чейин ИДПнын көлөмүн кеминде 30 млрд долларга жеткирүү пландалып жатканы айтылды.
Адылбек Касымалиев өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы бар экенин, бул инвестициялардын зарылдыгын айкын көрсөтүп жатканын белгилеп, Камбар-Ата ГЭС-1 Борбор Азиядагы негизги энергетикалык долбоорлордун бири экенин кошумчалады.
Доктор Абдулхамид Аль-Халифа жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу инвестициялык жана финансылык кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.