Адылбек Касымалиев Улуттук инвестициялык фонддун стратегиялык долбоорлору менен таанышты
Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Улуттук инвестициялык фондго (УИФ) барды. Өкмөт башчысы уюмдун ишмердүүлүгүн текшерип, жамаат менен артыкчылыктуу экономикалык милдеттерди ишке ашыруу маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү.
Сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиевге гидроэнергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармактарындагы ири инвестициялык долбоорлордун портфели тааныштырылды. Чакан жана орто ишкердикти колдоо боюнча демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду. Министрлер кабинетинин төрагасы бул сектор жумуш орундарын түзүүдө жана аймактарды өнүктүрүүдө негизги ролду ойноорун баса белгиледи.
2024-жылы бекитилген мыйзамдык базага жана уюмдун уставына ылайык, фонддун негизги максаттары активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын туруктуу рыноктук наркын камсыздоо болуп саналат. УИФтин ишинин стратегиялык багыты катары мамлекеттик компанияларга узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу үчүн ички жана эл аралык капитал рынокторуна чыгуу аныкталган.
Адылбек Касымалиев тышкы каржылоону тартууда жогорку көрсөткүчтөргө жетүү үчүн фонддун ырааттуу иштөөсү зарыл экенин белгиледи. Өкмөт уюмдан корпоративдик башкаруунун заманбап стандарттарын киргизүүнү жана улуттук экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ийгиликтүү коштоону күтөт.