Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Агартуу министрлиги: Билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогулткандар жоопкерчиликке тартылат
12.09.2025 | 14:41

Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарында ар кандай мыйзамсыз акча чогултууга катуу тыюу салынганын эскертти.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалардын жана мектептердин мугалимдери жана башка кызматкерлери, ата-энелер, коомдук фонддордун жана башка уюмдардын жетекчилери тарабынан ар кандай мыйзамсыз акча чогултууга катуу тыюу салынат.
“Бул талапты бузуу күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартууга алып келет. Мындай фактылар аныкталган учурда ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр дароо укук коргоо органдарына кайрылууга милдеттүү”,- деп билдирди министрлик.
Бул тыюу салуу төмөнкү мыйзамдарда каралган:
- Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекси;
- Президенттин 2023-жылдын 26-майындагы «Балдарга акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктерин жүзөгө ашыруу чаралары жөнүндө» №136 жарлыгы;
- Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 1-июнундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык орто билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу жөнүндө» №3363/1 буйругу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом