Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Швейцариянын Женева шаарында ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча билим берүү боюнча регионалдык кеңешчиси жана GIGA демилгесинин өкүлү Маида Пасич менен жолукту.
Жолугушууда тараптар Кыргызстандын бардык мектептерин интернетке туташтыруу боюнча аракеттерди активдештирүү жана бул багытта инвестиция тартуу маселелери талкууланган.
Министр бул демилге билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилеп, Кыргызстан GIGA жана башка өнөктөштөр менен тыгыз иштешүүгө даяр экенин билдирген.
Мындан тышкары Кендирбаева Женевада билим берүү системасын санариптештирүү, трансформациялоо жана туруктуу өнүктүрүү маселелерине арналган эл аралык конференциянын негизги сессияларына катышкан.
Анда ал Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан билим берүү реформаларындагы артыкчылыктар тууралуу баяндап, бул багыттагы эл аралык колдоонун маанисин баса белгилеген.
«Сүйлөшүүлөрдө министр санариптик технологияларды билим берүүгө интеграциялоо, Кыргызстандын билим берүү мекемелерин заманбап жабдуулар жана интернет менен камсыздоо, билим берүү тармагына узак мөөнөттүү жана туруктуу инвестиция тартуу маселелерине басым жасалды»,- деп айтылат маалыматта.