Аида Касымалиева Бакировго кайрылып: Аз эле калган, аягына чейин иштеп берсеңиз болмок

Аида Касымалиева Бакировго кайрылып: Аз эле калган, аягына чейин иштеп берсеңиз болмок

Бүгүн, 23-декабрдагы парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров өз каалоосу менен кызматын тапшырарын билдирди.

Ал бул кызматта үч жыл отуруп иш үстүндө кемчилик кетирип, кимдир бирөөгө катуу айткан болсо кечирим сурай турганын билдирди, мындан ары тажрыйба, билимин жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонуп иштей берүүгө аракет кыла турганын белгиледи.

Бирок ал кызматтан кетүү себебин түшүндүргөн жок.

Вице-спикер Аида Касымалиева Бакировго кайрылып, «мөөнөт бүткөнгө чейин иштесеңиз болмок, парламенттин аз эле убактысы калды» — деди.

Эскерте кетсек, «Өнүгүү- Прогресс» парламенттик фракциясынан депутаты Мирлан Бакиров 2017-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>