Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева парламенттик шайлоого катышпай турганын билдирди.
Ал Фейсбук баракчасына партиялар үчүн документтерди толук тапшыруу үчүн акыркы күн экенин жазып, кыргызстандыктарга өз пикирин билдирип коюну туура көргөнүн кошумчалады.
«Кымбаттуу мекендештер, санаалаштар, достор!
Эртең шайлоого катышууну каалаган талапкерлер, партиялар үчүн документтерди толук тапшыруу үчүн акыркы күн.
А мен болсо сиздерге өз чечимимди алдын ала билдирип коюуну туура көрдүм. Бул ирээт шайлоого катышпайм, бирок ар дайым мамлекетибиз жана элибиз үчүн кызматтамын. Бардык талапкерлерге, айрыкча айымдарга ийгилик каалайм. Сиздерди жакшы көрүп жана сыйлап, Аида Касымалиева», — деп жазган Касымалиева.
Белгилей кетсек, 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт.