Айланма жолдогу кырсыктан жаракат алгандардын саны 8ге жетти – сүрөт
Чуй облусунда эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Такталган маалымат боюнча, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун Аламүдүн районунда жайгашкан 10-чакырымында “Тайота Гайя” жана “Камаз” оор жүк ташуучу унаалар сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 8 адам аркандай жаракаттарды алышкан. Жерине Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.
Белгилей кетсек, буга чейин 5 адам жаракат алганы айтылган.
[image_carousel source=”media: 81235,81236,81237″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]