«Айлыгым 1600 сом болчу». Депутат министрдин орун басарынын сөзүнө ишенбеди

«Айлыгым 1600 сом болчу». Депутат министрдин орун басарынын сөзүнө ишенбеди

Эмгек кодексинин жаңы долбоорунда минималдык жана орточо эмгек акы белгиленди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынынын Эмгек, миграция министрлигинин орун басары  Жыпариса Рысбекова билдирди.

Анын айтымында, быйыл өлкөдө эң аз маяна 2 миң 530 сомду түзүшү керек. 2026-жылы аны 3 миң сомдон ашыруу пландалууда. 2024-жылы орточо айлык акы 31 миң сомду түздү. «Минималдык эмгек акы жыл сайын өзгөрүп, республикалык бюджет менен бекитилет», — деп кошумчалады ал.

Депутат Исхак Масалиев долбоордо туура эмес маалымат берилгенин айтты.

«2006-жылы орточо эмгек акы 1200 сом, ага салыштырмалуу азыр 26 эсеге көбөйдү деп жатасыңар. Был туура эмес жана мыйзам долбооруна тиешеси жок маалымат. Ал жылдары биз дагы бар болчубуз, маяна көбүрөөк болгон», — дейт эл өкүлү.

Финансы министрлигинин орун басары Руслан Татиков 2006-жылы аталган мекемеде 1600 сом алып иштегенин кабарлады.

«Балам, андай эмес. Сиз белгилүү адамсыз. Адашып жатасыңар», — деди Исхак Масалиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: эмгек акы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>