Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Туризм. Жайыт жерге жеңил конструкциядагы имарат салууга уруксат берүү сунушталууда
18.06.2024 | 12:00
Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн жайыт жерлерди жеңил конструкциядагы имарат куруу үчүн ижарага алууга уруксат берүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында айтылды.
Депутат Мейкинбек Абдалиев аталган сунуш өкмөт демилгелеген жаңы Жер кодексинде каралганын айтып, жайыт жер канча мөөнөткө ижарага берилерин сурады.
Суроого айыл чарба министринин орун басары Кубат Касейинов жооп берип, жайыт жер алгач 5 жылга ижарага берилерин, андан кийин анын мөөнөтүн узартып алууга болорун билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом