4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салынды
Дүйнө чемпионаты: Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты (видео)
19.09.2023 | 19:27
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы (76 кг) Сербиядагы дүйнө биринчилигинин жарым финалына чыкты.
Айпери Медет кызы килем үстүнө бүгүн, 19-сентябрда чыгып, таймашты квалификациялык айлампадан баштады. Биринчи беттешинде румыниялык Каталина Аксентени 11:0 эсебинде утту.
1/8 финалда ал бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Анастасия Зимянкова менен күч сынашып, аны 44-секундда 10:0 эсебинде жеңип алган.
Чейрек финалда Айпери Медет кызы канадалык балбанды 11:0 эсебинде утуп, дүйнө биринчиликтин жарым финалына чыкты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт