Унаа терезелерин караңгылатуу акысын арзандатуу пландалууда

Унаа терезелерин караңгылатуу акысын арзандатуу пландалууда

Кыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатуунун баасын арзандатуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске, Укук бузуулар жөнүндө кодекске кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, жол эрежесин бузуудагы айып пулдардын үстөк пайызы жоюлуп жатат. Бул шарт калктын социалдык абалын эске алып, жеңилдик түзүү максатын көздөйт. Ошондой эле депутат автоунаалардын терезелерин караңгылатуу багытында каралган жеңилдиктерге да токтолду.

«Башта бул багытта уруксаат алууга кайрылгандар 80 миң сомдук төлөм жүргүзүүсү керек болсо, соңку өзгөртүүлөргө ылайык, ал сумма 50 миң сом өлчөмүндө болору айтылууда», — деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин 18-сентябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Эске салсак, унаанын алдыңкы каптал эшиктерин караңгылатып айдоого 2023-жылдын 1-июнунан тартып уруксат бериле баштаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>