ӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүнАдылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы жол курулуштарынын жүрүшүн текшердиКантта мурдагы аялын уурдап, акча талап кылган 36 жаштагы шектүү кармалдыОш шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалууда16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайтБШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыратты
Айрылган акчаны кандай учурда алмаштырып алууга болот? Жооп
09.10.2023 | 09:03
50%дан ашык бөлүгү жок (жараксыз) болгон кагаз акчалар алмаштырылып берилбейт. Бул Улуттук банктын накталай акча башкармалыгынын кассалык операциялар бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аубакирова билдирди.
Анын айтымында, жарандар көбүнесе айрылган, сыр (боек), май төгүлгөн акчаларды алып келет. Бирок акчанын 50%дан ашык бөлүгү жок болсо, ал алмаштырылып берилбейт. Эгер кагаз акчанын жарымы бар болсо, жаранга акчанын жарым суммасы берилет. Эгер банкнотанын 50%дан ашык бөлүгү бар болсо, акча толугу менен төлөнөт.
Белгилей кетсек, Улуттук банк жараксыз болгон улуттук валютаны гана (сом) алмаштырат. Ал эми чет элдик валюта менен башка коммерциялык банктар иштейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом