Бишкекте таксист жүргүндү кызды ур-тепкиге алган. Иш сотто каралды

Бишкекте таксист жүргүндү кызды ур-тепкиге алган. Иш сотто каралды

Бишкекте «Яндекс Такси» такси кызматынын айдоочусу жүргүнчү кызды сабап салган. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук соттун 18-сентябрдагы токтомунда айтылат.

Токтомдо жазылгандай, окуя быйыл 12-августта болгон. Болжол менен саат 22:50до Маратка (аттар өзгөртүлдү) «Яндекс Такси» тиркемеси аркылуу 2 буйрутма түшкөн. Биринчиси боюнча ал жүргүнчүнү Чүйдүн Новопокровка айылынан Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районуна жеткирген.

Андан кийин ошол эле кичи райондогу буйрутма түшкөн экинчи дарекке жөнөп, адашып кеткен. Ал кардарга (Алина) телефон чалып сүйлөшкөндөн кийин даректи таап барган. Алина унаага отургандан кийин айдоочу (Марат) сөгүнүп, чыр баштаган. Мындан улам Алина ал менен кетпей турганын айтып, унаадан түшүп кеткен. Бирок Марат анын артынан түшүп барып, кайым айтыш учурунда Алинаны оң сан жагына тээп жиберген. Алина жерге кулуп калганда, Марат аны сол сан жагына бир нече жолу тээп калган. Андан соң ал унаасына отуруп, кетип калган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Алина жеңил жаракат алган (денеси көгөрүп калган).

Соттук териштирүү учурунда айыпталуучу Марат сотко кайрылып, жабырлануучу менен жарашып алганын, келтирилген зыяндын ордун толтуруп бергенин айтып, ишти жабууну суранган.

Алина менен прокурор да кылмыш ишин жабууга каршы болгон эмес.

Жыйынтыгында сот тараптар элдешип алганына байланыштуу ишти жапкан.

Соттук териштирүү учурунда Марат убактылуу эч жерде иштебей турган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Бишкек сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>