Айрым социалдык жактан муктаж балдардын тамагына акча кошулду

06.12.2021 | 14:52

Президент Садыр Жапаров «Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринде тамактанууга чыгымдардын акчалай ченемдерин көтөрүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул туурасында маалдымат расмий сайтында жарыяланды.

Эске салсак, тийиштүү тапшырманы Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылындагы Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барганда берген.

Ошентип, социалдык чөйрөнүн мекемелеринде жашаган ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын жана адамдардын, улгайган жарандардын тамактануусунун сапатын көтөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) 2022-жылдын 1-январынан баштап төмөнкүлөрдүн тамактанууга акчалай ченемин 100 пайызга көбөйтсүн:

— Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мекемелериндеги балдардын, улгайган жарандардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мекемелериндеги жетим балдардын, ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин адистештирилген реабилитациялоо борборлорундагы (балдар үйлөрүндөгү) балдардын;

2) ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн кошумча финансы каражаттарын тапсын жана бөлүп берсин;

3) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

 

Scroll to Top