Бишкек шаардык кеңешинин 2-декабрдагы сессиясында депутаттар турак жай муниципалдык жайларын дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага бекер өткөрүп берүү жөнүндө токтом долбоорун кабыл алышты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы Reporter.kg’ге тастыктады.
Батир менчиктештирүү жолу менен чемпионго берилген.
Балбан кызга берилген 3 бөлмөлүү батир Бишкек шаарындагы Москва №191 көчөсүндө жайгашкан.
Буга чейин депутат Дастан Бекешев мамлекет башчылары тарабынан спортчуга берилген батир мамлекетке таандык экенин айтып, аны менчиктештирип берүү керектигин белгилеген.