Дастан Бекешев менен Садыр Жапаров жолугуп саясатты талкуулады

Дастан Бекешев менен Садыр Жапаров жолугуп саясатты талкуулады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен жолукту. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазып, жолугушуу конструктивдүү жана позитивдүү мааанайда өткөнүн билдирди.

Жолугушуу учурунда алар саясий темалар жана мамлекеттик башкаруу системасы тууралуу сөз кылышкан.

«Мен азырынча бизде жок, бирок алдыда курууга боло турган парламентаризм жөнүндө сөз кылып, парламенттик башкарууда премьер-министрдин жоопкерчилигин күчөтүп, ыйгарым укуктарын кеңейтсе болорун айттым. Жапаров болсо президенттик башкаруу системасын коргоп, өз аргументтерин келтирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө партиялар бардык жоопкерчиликти алууга али даяр эмес. Бирок ал партиянын тизмесиндеги талапкерге добуш берүүгө макул”, – деп жазат Бекешев.

Эл өкүлүнүн айтымында, ал Садыр Жапаровго өлкө президенттик башкаруу формасына өтсө дагы бир революция болуп кетиши мүмкүн экенин эскерткен. Өз кезегинде Жапаров парламенттик башкарууну ишке ашыруу кыйын болгонун жана реформаларды жүргүзүүгө чоң каалоосу бар экен билдирген. Жапаров ошондой эле президенттик шайлоону таза өткөрүүгө убада берген .

“Өлкөнү өнүктүрүү боюнча биздин максаттар бир болгону мнен көз караштарыбыз ар башка экен. Позициялардын айырмачылыгы пикир-келишпетиктерге себепчи болбошу керек. Бардык жерден орток пикир табууга болот”, – деп сөзүн жыйынтыктаган Бекешев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>