Айсулуу Тыныбекова: Мен спортто калам

Айсулуу Тыныбекова: Мен спортто калам

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова спортто кала турганын билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчаларына жазды.

Тыныбекова жакында эле Кыргызстандын Күрөш федерациясынын аялдар күрөшү боюнча вице-президенти болгонун, бул кызматта аялдар күрөшүнө байланыштуу пландарын, кыялдарын ишке ашыра турганын айткан.

«Мен өзүмдүн тажрыйбам жана колдооңуздар менен биздин спортчуларды шыктандырып, туура жолго сала алам деп ишенем. Алардын профессионалдык өсүшүнө шарт түзүп, командалык духубузду бекемдей алам. Кыз-келиндер күрөшүнүн чоң потенциалы бар жана биз биргеликте мындан да көп ийгиликтерге жетишип, күчтүү жана максаттуу чемпиондордун жаңы муунун тарбиялайбыз деп ишенем», — деп жазды ал.

Балбан кыз спортто каларын айтып, жакында килемге кайтып келерин белгилеген.

«Ошондой эле, мен спортто кааларымды айткым келет. Бир аз тыныгуудан кийин килемге кайтып келип, өлкөбүз үчүн мелдешти улантам. Мага ишенип, бул жолду мени менен бөлүшкөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем», — дейт Тыныбекова.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова — Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Ошондой эле ал 6 ирет Азия чемпиону болгон. Андан тышкары бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси. Ал — Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон биринчи спортчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>