Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимпиаданын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова күйөрмандары менен күзгү фотосессиядан жаңы сүрөттөрү менен бөлүштү.
«№877 кыял орундалды! Алтын күз — сүрөттөр үчүн сонун фон. Бала кезимден күзгү сары жалбырактардын фонунда фотосессия уюштурууну кыялданчумун. Муну ишке ашырууга менин кесиптештерим жардам беришти. Дарактардын жалбырактары түшүп калган учурду өткөрүп жибербеңиз», — деп жазган Тыныбекова сүрөттөрүн жарыялап.