«Айта турган көп нерсе бар». Сооронбай Жээнбеков добуш берүүгө келди

«Айта турган көп нерсе бар». Сооронбай Жээнбеков добуш берүүгө келди

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаарындагы No1327 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Сооронбай Жээнбеков төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Бүгүн шайлоо күнү. Мен жарандык милдетимди аткардым. Ар бир жарандын тандоосу жашыруун болушу керек жана шайлоо күнү ар кандай үгүт иштерине тыюу салынат», — деди ал.

Ошол эле учурда ал экс-президент катары коомчулукта жана журналисттерде көптөгөн суроолор бар экендигин кошумчалады.

«Жеке менин дарегимде ар кандай пикирлер айтылууда, алар ар кандай тамсилдерди түзүп, жайылтууну улантууда. Мен ушунун бардыгын угуп, окуп, талдап жатам. Албетте, айта турган көп нерсе бар. Бирок төмөнкүлөрдү унутпаш керек. Өлкө саясий туруктуулугун жаңы гана бекемдей баштады. Жана азыркы кырдаалда өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн, мен коомдук полемикадан жана ар кандай саясатчылар менен диалогдон алыс болгом. Менин сүйлөгөн сөздөрүм кырдаалга таасирин тийгизбей койбойт. Менин сөздөрүм боюнча саясий божомолдорду айта тургандар дагы болот. Мен буга себеп келтиргим келбейт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Жеке мен жөнүндө айтылган сөздөрдүн баарына чыдайм. Мен үчүн баарынан мурда өлкөдөгү саясий туруктуулук, элдин биримдиги маанилүү. Дүйнөдө, анын ичинде биздин өлкөдө коронавируска байланыштуу оор экономикалык кырдаал түзүлдү. Башка бир нече көйгөйлөр. Өлкө жетекчилиги колунан келгендин баарын жасап, иштеп жатат. Өлкөнүн кызыкчылыгы баарынан баалуу. Ошондуктан, биз баарыбыз өз күчүбүздү саясатташтырууга эмес, жаратууга багытташыбыз керек. Менин унчукпагандыгымдын себеби ушул. Кудай буюрса, сиз менен дагы сүйлөшөбүз», — деп сөзүн жыйынтыктады экс-президент.

Сооронбай Жээнбеков учурдан пайдаланып, кыргыз элин келе жаткан Рамазан айы, мусулмандардын орозосу менен куттуктады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>