Айтматов көчөсүндө кыйылып жаткан теректердин ордуна клендор тигилет

Айтматов көчөсүндө кыйылып жаткан теректердин ордуна клендор тигилет

Бишкектин Ч.Айтматов көчөсүндө кыйылып жаткан теректердин ордуна клендор тигилет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, Ч.Айтматов көчөсүн бойлой өскөн теректердин тигилгенине 50 жылдан ашып, эскирген.

«Бул эски бак-дарактар ​​чирип, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө коркунуч жаратып баштады. Бул аймакка клен көчөттөрү отургузулуп, жашыл зоналар жакшыртылып, веложол курулат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин мэрия Ч.Айтматов көчөсүндө жолдун эки четинде тигилген 1400дей терек кайтарганын, алар кыйылып, ордуна жаңысы отургузуларын кабарлаган.

Бишкек: Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн боюндагы 1400 терек кыйылат (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>