БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
“Айыл банк” “Сбер” тиркемеси аркылуу акча которуулар токтотулганын маалымдады
23.08.2024 | 09:00
“Айыл банк” коммерциялык банкы 22-августтан тартып Орусиянын “Сбер” тиркемеси аркылуу банктын кардарларынын эсептерине жана карталарына акча которуулар белгисиз мөөнөткө токтотулганын маалымдады.
Мекеме ошол эле маалда “Золотая Корона”, “AstraSend” жана “Юнистрим” акча которуу системалары аркылуу которуулар кадимки режимде иштей берерин билдирди.
17-августта Мбанк (“Кыргызстан” банкы) билдирүү таратып, Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотконун жарыялаган. Кызматташтык токтогон банктардын катарында Орусиянын Сбербанк, Тинькофф жана МТС банктары да бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика