Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Айыл башчы 4 сотых жер тилкесин бөлүп берүүгө 400 миң сом пара талап кылган
28.12.2023 | 15:57
Чүй облусунун Аламүдүн айылынын башчысы жана башкы бухгалтери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын январь айында айыл башчы жергиликтүү тургундан 4 сотых жер тилкеси үчүн 400 миң сом алган. Бирок акча каражатын алгандан кийин, өздөрүнүн милдеттемелерин аткарган эмес.
Аларга ири өлчөмдө пара алуу айыбы менен иш козголуп, 400 миң сомдун бир бөлүгүн кайтарып берип жаткан жеринен кармалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом