Энергетиктер майрам күндөрү дем алышсыз иштейт. Сурап-билүү телефондору

Энергетиктер майрам күндөрү дем алышсыз иштейт. Сурап-билүү телефондору

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын энергетиктери майрам күндөрү өз жумуш ордуларында күчөтүлгөн режимде иштешет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Энергетикалык объектилерди коргоо боюнча чаралар күчөтүлөт. Ыкчам топ жогорку даярдыктагы режимге өткөрүлүп, электр тармактарынын жабдууларын көзөмөлдөө күчөтүлдү. Ошондой эле, байланыш каналдарынын, телемеханиканын ведомстволук объектилер менен, анын ичинде мобилдик байланыш менен ишенимдүү иштөөсү текшерилет.

Штаттан тышкаркы кырдаалдар учурунда авариялык-оңдоо запасы ыкчам жоюу схемасын иштеп чыгуу менен даярдалган. Бардык оңдоо бригадалары зарыл запастык бөлүктөр менен камсыз болгон.

Электр энергиясына байланыштуу маселелери боюнча күнү-түнү жана дем алышсыз иштеген 105, 1209 сурап билүү байланыш-борборуна кайрылыңыздар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>