Айыл чарба министрлиги алтыганадан жер семирткич жана тоют чыгарууну пландоодо

Айыл чарба министрлиги алтыганадан жер семирткич жана тоют чыгарууну пландоодо

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында, тикенектүү жапайы алтыгана бадалы менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйында айтылгандай, учурда өлкөдө жайыттардын жалпы аянты 9,2 млн гектарды түзөт. Ал эми Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттын аянты 472 миң гектар болуп, акыркы жылдары алтыгана 800 гектар жерди басып кеткен. Адистер белгилегендей, алтыгана тоют чөбүнүн айрым түрлөрүнүн жоголуусуна алып келүүдө.

Мындан улам отурумда Жапаров Айыл чарба жана Жаратылыш министрликтерине, Илимдер академиясына жана башка мамелеттик мекемелерге буга чейин бекитилген план боюнча аталган көйгөйдү чечүүнүн үстүндө иштөөнү тапшырган.

Айыл чарба министрлиги тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, алтыгананы кайра иштетүү аркылуу жер семирткич жана тоют чыгарууну пландап жатканын билдирген.

Окумуштуулардын айтымында, алтыгана тамыры терең, тыгыз болгон көп жылдык бадал болуп саналат. Ошондуктан аны биротоло жок кылбастан, көчөттөрүн уулу калдыктар сактоочу жайларга көчүрүп, аны менен экологияга пайда алып келүүгө болот. Ошондой эле алар жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу үчүн алтыгананы башка аймактарга көчүрүү сунушун айткан.

Суусамырдагы алтыкананы жок кылуу үчүн төөнү колдонуу сунушталды (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>