Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Ноокатта 350 тонна мөмө-жемиш сактоочу логистикалык борбор курулду
08.07.2024 | 20:07
Ноокатта “Ноокат алмасы” айыл чарба багбанчылык кооперативи тарабынан курулган алма сактоочу соода-логистикалык борбору ачылды. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.
Анын аянтты 1140 чарчы метр, сыйымдуулугу 1200 тонна. Курулушуна 141 млн сом жумшалды. 350 тоннага ылайык мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч, таңгактоочу линия, сорттоо жана жуугуч цехи бар.
“Ноокат алмасынын” 15 га жеринде интенсивдүү алма, 4 га жеринде гилас, 4 га жеринде жаңгак бактары бар. Көчөттөр Польша, Америка жана Турциядан алынып келинген.
Ишканада Италиялык шпалер системасы орнотулган. Бактар Израилден чыгарылган заманбап тамчылатып сугаруу системасы аркылуу сугарылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом