Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Кытай Эл Республикасынын коммерция министрлигине 2025-жылы 1 миллион тонна айыл чарба продукциясын экспорттоого квота бөлүп берүү өтүнүчү менен расмий кат жөнөттү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
«Кытай айыл чарба продукцияларынын импортун тарифтик квоталарды (TRQ) колдонуу менен жөнгө салат, анда товарлардын белгилүү бир көлөмүн алып келүү үчүн жеңилдетилген шарттар белгиленген. Бул квоталардын чегинде импортко бажы салыгы төмөндөтүлөт, адатта, болжол менен 1%, бул Кытай рыногунда продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн кыйла жакшыртат. Бирок квотадан ашкан учурда алымдар көбүрөөк колдонулат, бул импортерлор үчүн продукциянын өздүк наркын олуттуу жогорулатат»,- деп айтылат маалыматта.
2025-жылга Кытайдын Коммерция министрлиги тарабынан айыл чарба продукциясынын сегиз категориясы үчүн төмөнкү тарифтик квоталар белгиленген:
- Буудай-9,64 миллион тонна;
- Жүгөрү-7,2 миллион тонна;
- Күрүч — 5,32 миллион тонна;
- Пахта — 894 миң тонна;
- Шекер-1,945 миллион тонна;
- Жүн — 287 миң тонна;
- Жүн буласы (ВК) — 80 миң тонна;
- Жер семирткичтер-13,65 млн тонна.
Министрлик суралган квотанын алкагында Кыргызстан экспортко жүгөрү, буудай унун, тоют өсүмдүктөрүн, пахта, жүндү сунуштоого даяр экендигин билдирди. Бул кадам Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого, кыргызстандык фермерлери жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
Статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы айыл чарба продукциясы боюнча товар жүгүртүү 2024-жылы 153,3 млн АКШ долларын түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 33 млн долларга көбөйгөн.