Ак үйдү карантинге жабуу маселеси каралат

Ак үйдү карантинге жабуу маселеси каралат

Мамлекеттик кызматкерлерден, депутаттардан коронавирус илдети табылып жатканына байланыштуу Ак үйдү карантинге жабуу маселеси каралат. Бул тууралуу бүгүн, 25-июндагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. 

Ага «акыркы убакта Жогорку Кеңештин депутаттарынан дагы коронавирус илдети чыгып жатат, Ак үй карантинге жабылабы», -деген суроону узатышкан.
Буга Мадамин Каратаев Ак үйдү карантинге жабуу маселеси карала тургандыгын айтып жооп берди. 

«Бүгүнкү күндө жалаң гана Ак үйдө эмес, мамлекеттик мекемелерде дагы илдет тастыкталган учурлар катталып жатат. Ошондуктан санитардык нормаларды туура сактап, мамлекеттик кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтүшүүдө. Ак үйдү карантинге жабуу тууралуу чечимди пленардык отурумда комиссия карайт», — деди Каратаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>