Бишкектин Ак-Бата конушунда 650 орундуу мектептин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мектепте 20 класс каралган: алтоо башталгыч класстар, 14ү чоң класстар. Ар бир класс 26-30 окуучуга ылайыкталган.
Окуу класстардан тышкары мектепте спорт зал, ашкана, тамактануучу жай, тиш дарылоочу бөлмө, балдар үчүн устакана, жыйындар залы болот.
Имарат көмүр-газ менен жылытылат.
“Учурда кыштан дубалдарын тургузуу жана чатырын жабуу, электр зымдарын монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.
Курулуш иштерин “Эталон Вин Спец Строй” компаниясы жүргүзүүдө.