Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Ак-Бата конушунда 650 орундуу мектеп курулууда
21.01.2025 | 12:15
Бишкектин Ак-Бата конушунда 650 орундуу мектептин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мектепте 20 класс каралган: алтоо башталгыч класстар, 14ү чоң класстар. Ар бир класс 26-30 окуучуга ылайыкталган.
Окуу класстардан тышкары мектепте спорт зал, ашкана, тамактануучу жай, тиш дарылоочу бөлмө, балдар үчүн устакана, жыйындар залы болот.
Имарат көмүр-газ менен жылытылат.
“Учурда кыштан дубалдарын тургузуу жана чатырын жабуу, электр зымдарын монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Курулуш иштерин “Эталон Вин Спец Строй” компаниясы жүргүзүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом