Ак-Буурадан 3 миң тоннадан ашык калдык жана кум-шагыл чыгарылды. Президент дарыяны тазалоо ишин текшерди

10.04.2026 | 14:03

Бүгүн, 10-апрелде, өлкө башчы Садыр Жапаров Ошко болгон сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү жана тазалоо иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Дарыяны тазалоого 24 млн сом бөлүнүп, 22 даана атайын техника тартылган. Жалпысынан дарыянын 17 чакырымы таштандылардан жана сел калдыктарынан тазаланууда.

Бүгүнкү күнгө чейин дарыянын нугунан 323 миң 510 тонна сел калдыктары жана кум-шагыл массалары чыгарылган. Тазалоо иштерин 15-апрелге чейин бүткөрүү пландалууда.

Буга чейин Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги дубалдардагы жана тосмолордогу ар кандай жазууларды жана графиттерди өчүрүү жана актоо иштери жүргүзүлүп жатканы айтылган.

Президент текшерүү учурунда суу объектилеринин экологиялык абалын жакшыртууга жана калктын коопсуздугун камсыздоого багытталган иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу зарыл экенин билдирген.

Scroll to Top