Акча жоктугунан Ошто музыкалык окуу жайдын курулушу токтоп калды

Акча жоктугунан Ошто музыкалык окуу жайдын курулушу токтоп калды

Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жаңы имаратынын курулушу акча жоктугунан токтоп турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы имаратты курууга тендер өткөрүлүп, ал 105 млн сомго салына турган болгон. Курулуш иштери башталып, каражат толук бөлүнбөгөндүктөн токтоп калган.

Ага байланыштуу студенттер эски жатаканада окууга аргасыз.

Депутат Камила Талиева Ошко болгон иш сапарында курулушу токтоп турган окуу жайды көрүп чыккан. Ал музыкалык окуу жайдын жетекчилиги жана жамааты менен жолугуп, каражатты тездетип бөлүү маселеси боюнча тиешелүү мекемелер менен керектүү иштерди жүргүзөрүн билдирди.

Эскерте кетсек, Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы 1963-жылы уюшулган. Анда фортепиано, кылдуу, үйлөмө, кыргыз эл аспаптары, жеке ырдоо, хорду дирижёрлоо, музыка теориясы боюнча бөлүмдөр иш алып барат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: окуу жай Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>