Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова бузулуп калган тез жардам унаасын түртүп бара жаткан медкызматкерлердин видеосуна комментарий берип жатып ыйлап жиберди.
“Медкызматкерлер азыркы учурда күнү-түнү күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Жумуш учурунда ар кандай көрүнүштөр болуп жатат. Жолдо бара жатып техника бузулуп калышы мүмкүн экен, медиктер бейтапка жетиш үчүн түзүлгөн кырдалдан ар кантип чыгышууда”, – дейт Акматова көзүнө жаш алып.