Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
COVID-19дун очогу болгон Бишкекке аймактардан дарыгерлер келе жатат
03.07.2020 | 11:41
Баткенден 20 медицина кызматкери Бишкеке жөнөп кетти. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунан 20 медицина кызматкери ооруунун очогу болгон Бишкек шаарына коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ыктыярдуу түрдө жөнөп кетишти.
Алардын ичинен медицина тармагында 40 жылдан бери эмгектенип келген медицина кызматкерлери да бар.
Дарыгерлерди Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов жана Чынар Саттаровалар узатып, аларга бекем ден соолук, күч кубат каалап, ыраазычылыктарын билдирген.
[su_image_carousel source=”media: 33563,33562,33561″ crop=”none” autoplay=”4″]
Рубрики: Жаңылыктар, Коом