АКШда Флойдду эскерүү иш чарасында актар элдешүү үчүн каралардын бутун жуушту — видео

АКШда Флойдду эскерүү иш чарасында актар элдешүү үчүн каралардын бутун жуушту — видео

АКШнын Түндүк Каролина штатында жергиликтүү чиркөөнүн өкүлдөрү полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн Жордж Флойдду эскерүү үчүн демонстрация өткөрүштү.  Бул тууралуу эл аралык сайттарда кабарланды.

Ак полиция кызматкерлери жана жөнөкөй жарандар катышкан митингдин максаты кара түстүүлөр менен ак түстүүлөрдүн  элдешкенин жана бири-бирине жылуу мамиле тартуулаганын көрсөтүү болгон.

Митингде ак түстүү полициялар каралардын диний жамаатынын өкүлдөрүнүн буттарын жуушту.

Бут жуу — бул белгилүү христиан ырым-жырымы. Бирок, социалдык тармактардын колдонуучулары полиция кызматкерлери каралардын бутун жууп жаткан видеону көрүп,  сынга алышты.

Алар «Бул жийиркеничтүү», «ордуңдан туруп өзүң жуу», «бул шылдыңдоо», — деген пикирлерди айтышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>