Пара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачат
АКШдан баткендиктерге кошумча гуманитардык жардам келди
25.11.2022 | 09:37
Баткен облусундагы чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн АКШдан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.
АКШнын Коргоо министрлиги гуманитардык жардам катары керебеттерди, матрацтарды, шейшептерди жана кышкы кийимдерди жөнөткөн. Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул жардамды жабырлануучуларга бөлүштүрөт.
Белгилеп кетсек, аталган гуманитардык жардамдын баасы көрсөтүлгөн эмес. Бул колдоо АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) мурда берген 8 миллион сом (100 миң доллар) жана гигиеналык каражаттарга кошумча экени баса белгиленген.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом