АКШнын мамкатчысы Казакстан менен Өзбекстанга келет

АКШнын мамкатчысы Казакстан менен Өзбекстанга келет

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео февралдын башында Украинага, Беларуска, Казакстанга жана Өзбекстанга келет. Бул тууралуу Борбор азия жаңылыктар кызматы жазды.

Маалыматка караганда, Помпео 1-февралга белгиленген Казакстандагы сапарынын алкагында президент Касым-Жомарт Токаев, экс-президент Нурсултан Назарбаев жана тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолугат.

2-февралда мамлекеттик катчы Ташкентке барып, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана премьер-министр Абдулазиз Камилов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. 3-февралда Помпео Ташкентте «С5+1» форматынын алкагында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолугат.

АКШ мамлекеттик катчысынын бул сапары январдын башына белгиленген, бирок Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушуна байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>