Аксы жаштары 800 миң сом чогултуп, ооруканаларга жабдыктарды сатып берди

Аксы жаштары 800 миң сом чогултуп, ооруканаларга жабдыктарды сатып берди

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда  демилгелүү жаштар 800 миң сом каражат чогултуп, райондогу ооруканаларга  жабдыктарды сатып беришти. Бул тууралуу Аксы районунун тургундары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаштар өз ара «Аксыга жардам» тобун түзүп, медициналык жабдык, дары-дармектен көмөк көрсөтүүнү чечишкен. Демилгени чет өлкөдө иштеген жаштар да колдоого алган. Чогулган каражатка тогуз даана кычкылтек концентраторун, дары-дармек жана коргоочу кийимдер алынып, райондогу 11 айыл өкмөттөгү ооруканаларга таратышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>