Аксыда 7-класстын окуучусу төрөгөн. Ал ымыркайдын атасы ким экенин айтпай жатат

Аксыда 7-класстын окуучусу төрөгөн. Ал ымыркайдын атасы ким экенин айтпай жатат

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда көз жарган мектеп окуучусу баласынын атасы ким экенин айтпай жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан айтышты.

Маалыматка ылайык, кыз эч ким менен жатпаганын айтууда, учурда милиция ымыркайдын атасы ким экенин издөөдө.

Белгилей кетсек, Аксы  аймактык  ооруканасынын дарыгери  102 телефон аркылуу кабарлап, анда 1-апрель күнү саат 07:00 чамасында  Аксы  районунун Кара-Суу  айылынын 2007-жылы туулган тургуну  Аксы  аймактык ооруканасынын  төрөт бөлүмүндө төрөгөнүн кабарлаган.

Бул маалымат Аксы РИИБдин  маалымат каттоо электрондук журналына “16 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашта болуу” болуп катталган. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>