Аксыда бала бакча толук күйүп кетти  — сүрөт

Аксыда бала бакча толук күйүп кетти  — сүрөт

Жалал-абад облусуна караштуу Аксы районунда бала бакча өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Аксы районунун Сыны айылындагы бала бакчада өрт 7-декабрдан 8-декабрга караган түнү чыккан.  Аны өчүрүүгө ӨКМнын 1 бөлүмү тартылып, түнкү саат 03:45де толугу менен өчүрүлгөн.

Тилсиз жоодон жалпысынан 784 чарчы метр аянт күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.  Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

[su_image_carousel source=»media: 51210,51211,51212,51213,51214″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>