Актаудагы учак кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктарга компенсация төлөнөт

Актаудагы учак кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктарга компенсация төлөнөт

Актаудагы учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктарга компенсация төлөнөрүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги компенсация маселесин иштеп чыкты жана алардын өлчөмү аныкталат.

Тышкы иштер министрлиги жабыркагандарды мекенине жеткирүү боюнча иш-чараларды уюштурууда. Кыргызстандын жараны Ринат Асановду атайын жабдылган учак менен алып келүү маселеси да чечилүүдө.

Калган жабырлануучулардын абалы туруктуу деп бааланса, 30-декабрда компетенттүү кызматтардын өкүлдөрү жана туугандарынын коштоосунда Кыргызстанга алынып келинет.

Кыргызстандын элчилиги АЗАЛ авиакомпаниясы менен камсыздандыруу компенсациясын төлөө маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 29-декабрда Ринат Асановду мекенине жеткирүү үчүн бардык керектүү медициналык жабдыктары менен медициналык бригада Актау шаарына учуп кетти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>