Активист Афтандил Жоробековдун иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү

Активист Афтандил Жоробековдун иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү

Бишкектин Ленин райондук соту «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» айыпталып жаткан активист Афтандил Жоробековдун ишин кайра тергөөгө жөнөтүү тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фонду билдирди.

Фонддон белгилешкендей, иш прокурордун өтүнүчү менен кайра тергөөгө жиберилди. Бирок буга чейин кошумча жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы Афтандил Жоробековдун билдирүүлөрүндө массалык башаламандыктарга чакырык жасоо болбогонун көрсөткөн.

Эскерте кетсек, былтыр Кыргызстандын туусун өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндө, коомчулук, анын ичинде бир катар активисттер ал ойго каршы чыккан. Алардын арасында автивист Афтандил Жоробеков да бар болгон. Жоробеков тууну өзгөртүүгө каршылыгын билдирүү үчүн тынчтык акцияларды уюштурарын жарыялаган. Алгач ал 2-декабрда автожүрүш өткөрүүгө аракет кылган. Бирок милиция кызматкерлери акция өткөрүүгө жолтоо болгон.

Андан кийин Жоробеков 9-декабрда Бишкектин Горький сейил багында тынчтык митингин уюштурууну пландаган. Бирок ага жетпей эле 7-декабрда активист милиция тарабынан кармалган. Жоробековго «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча айып тагылган.

Жоробековдун кармалганына карабай 9-декабрда тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөн. Митингде эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>